МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК МҮЛК БАШКАРМАЛЫГЫ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

12.03.2026  13:25

40

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК МҮЛК БАШКАРМАЛЫГЫ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Последний срок  10.04.2026
Квалификационные требования  

Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык мүлктөрдү ижарага берүү жана сатуу боюнча конкурс жарыялайт. 

№1-ЛОТ. Манас шаарынын Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан (Мир кинотеатрдын жанында) Лед-экран 1 (бир) жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы баа- 15000 сом. 

№2-ЛОТ. Манас шаарынын Н.Айтматова №13 көчөсүндө жайгашкан имараттын бош турган  бөлмөлөр (эски энергосбыт имараты) конкурс аркылуу 1 (бир) жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

1) 53,78 чарчы метр. Баштапкы баа - 20 000 сом.

№3-ЛОТ. Манас шаарынын Т.Тайгараев м.а.б. караштуу 143,2 чарчы метр түзгөн 2-сарай конкурс аркылуу 3 (үч) жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы баа - 20 000 сом.

№4-ЛОТ. Манас шаарынын Живпром зонада жайгашкан конкурс аркылуу 3 (үч) жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

  1. 1-сарай-139,15 чарчы метр. Баштапкы баа-4283 сом.
  2. 2 сарай-181,5 чарчы метр. Баштапкы баа- 5586 сом. 

№5-ЛОТ. Эски чоюн батареялар-273 628 сом жана темир трубалар -140 287 сом конкурс аркылуу сатылат.

 Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. 

 Жогорудагы өткөрүлө турган конкурс Манас шаарынын Административдик имаратынын кичи жыйын залында 2026-жылдын 13-апрелинде өтөөрү эскертилет. Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-апрель саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат. 

 Суроолор боюнча Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мулк башкармалыгына кайрылыңыздар. 

Дареги Ю.Абдрахманова, №6. Байланыш телефону 0776 36 92 03.