Эгемова Миргуль Абдыкеримовна

Эгемова  Миргуль Абдыкеримовна

Эгемова Миргуль Абдыкеримовна

Должность:

вице-мэр города Манас

Трудовая деятельность

Эгемова Миргуль Абдыкеримовна Манас шаарынын мэринин курулуш тармагы боюнча орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэр Абдупата Маткаликов кол коюп, бүгүн эмгек жамаатына тааныштырды.

 Эгемова Миргуль Абдыкеримовна

1986-жылдын 13-декабрында Аксы районунун Үч-Коргон айылында төрөлгөн.

 Билими жогорку.

2008-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Адистиги — информатика жана эсептөө техникасы. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаган. Адистиги — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.

 Эмгек жолу:

▪️ 14.11.2008 — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу чарбасында жумушчу;

▪️01.06.2009 — Жалал-Абад шаардык мэриясынын Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунда жетектөөчү адис;

▪️23.05.2011 — ошол эле сектордо сектор башчынын милдетин аткаруучу;

▪️25.08.2011 — Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун башчысы;

▪️14.08.2013 — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунда башкы адис;

▪️16.03.2023 – 2026-ж. — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.