МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК МҮЛК БАШКАРМАЛЫГЫ ТӨМӨНДӨГҮ МУНИЦИПАЛДЫК ИМАРАТТАГЫ БӨЛМӨЛӨРДҮ ИЖАРАГА БЕРҮҮ ҮЧҮН КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

09.02.2026  17:24

115

МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК МҮЛК БАШКАРМАЛЫГЫ ТӨМӨНДӨГҮ МУНИЦИПАЛДЫК ИМАРАТТАГЫ БӨЛМӨЛӨРДҮ ИЖАРАГА БЕРҮҮ ҮЧҮН КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык имараттагы бөлмөлөрдү ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт. 

№1-ЛОТ. Манас шаарынын М.Исакулов №3 дарегинде жайгашкан (эски төрөт үйүнүн 1-кабатында) 57,4 чарчы метр түзгөн муниципалдык 3-бөлмөлөр 3 (үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 8000 (сегиз миң) сом. 

       Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. 

      Жогорудагы өткөрүлө турган конкурс Манас шаарынын Административдик имаратынын кичи жыйын залында 2026-жылдын 11-мартында өтөөрү эскертилет. Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-март саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат. 

      Суроолор боюнча Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мулк башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ю.Абдрахманова, №6. Байланыш телефону 0776 36 92 03.

Добавить комментарий

Пожалуйста, зарегистрируйтесь или войдите
через социальные сети, чтобы оставить комментарий