Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт
09.04.2026 09:25
5
Акыркы күн 11.05.2026
Квалификациялык талаптар
Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт
Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Иш стажы:
1) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
– жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Билими:
1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы;
- КРнын Эмгек кодекси;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
- Кыргыз республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
- кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
- 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- ден соолугу боюнча № 086 тактама;
- соттолбогондугу жөнүндө тактама;
- паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын https://www.jalal-abad.gov.kg/ веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9:00дөн 18:00гө чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.
Дареги: Манас шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү 6, 3-кабат Дареги: Манас шаары, Ю.Абдрахманов көчөсү №6, 1-кабат 5-кабинет (уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмү). (уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмү).