Манас шаардык мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
13.04.2026 12:00
6
Акыркы күн 13.05.2026
Квалификациялык талаптар
Манас шаардык мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
• биринчи этап – документтерди кароо;
• экинчи этап – компьютердик тестирлөө;
• үчүнчү этап – аңгемелешүү.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Иш стажы:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
• жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Билими:
Улук административдик мамлекеттик кызмат орду үчүн:
• жогорку билим.
Жалпы мыйзамдарды билүү талап кылынат, алар:
* Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
* «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзам;
* «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
* «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
* «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
* «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.