Маткаликов Абдупата Жороевич
Маткаликов Абдупата Жороевич
Кызматы:
Манас шаарынын мэриЭмгек ишмердүүлүгү
1964-жылдын 1-январында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жай-Терек айылында төрөлгөн. Улуту — кыргыз. Кыргыз Республикасынын жараны.
Жогорку билимдүү. 1985–1991-жылдары Ош технологиялык колледжинде жана Фрунзе политехникалык институтунда билим алып, инженер-механик адистигине ээ болгон.
1982–1984-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн.
1985-жылы Майлуу-Суу шаарындагы турак жай-коммуналдык чарба тармагында жумушчу болуп эмгектенген.
1985–1986-жылдары башкы механик бөлүмүндө жүк ташуучу болуп иштеген.
1987–1988-жылдары жыйноо цехинде жөнгө салуучу кызматын аркалаган.
1988–1990-жылдары Ош шаарындагы өндүрүштүк бирикмеде механик болуп иштеген.
1990-жылы Ош автобазасында карбюраторчу болуп эмгектенген.
1991–1993-жылдары күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу боюнча инженер-техник кызматын аткарган.
1993–1999-жылдары Базар-Коргон автобазасында №1 автоколоннанын башчысы болуп иштеген.
2022-жылы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.
2022-жылы Ысык-Көл облусундагы «Асыл-Таш» пансионатынын директору болуп дайындалган.
2023–2026-жылдары «Манас Менеджмент» жабык акционердик коомунда башкы директордун кеңешчиси болуп иштеген.
2026-жылдын 20-февралынан тартып Манас шаарынын мэри.