Караев Нурбек Адилбекович
Караев Нурбек Адилбекович
Кызматы:
аппарат жетекчиЭмгек ишмердүүлүгү
Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Караев Нурбек Адилбекович дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Абдупата Маткаликов кол коюп, бүгүн, 26-февралда мэриянын эмгек жамаатына тааныштырды.
Шаар башчысы жаңы дайындалган жетекчиге жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, эмгек жамаатын ынтымакта жана биримдикте иштөөгө чакырды. Ал Манас шаарынын мындан аркы өсүп-өнүгүүсүнө ар бир кызматкердин жигердүү салымы маанилүү экенин баса белгиледи.
Караев Нурбек Адилбекович
1982-жылдын 24-февралында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында төрөлгөн.
Билими жогорку. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүргөн. Адистиги — юриспруденция.
Эмгек жолу:
15.11.2004 – 09.07.2008 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.А. Алиев атындагы Академиясында мугалим;
12.09.2009 – 02.04.2012 — «Золотой орех» ЖЧКсында аткаруучу директор;
12.04.2012 – 01.06.2021 — «Адил Ата» айыл чарба кооперативинин жетекчиси;
25.11.2012 – 25.11.2016 — Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты;
31.12.2016 – 02.06.2021 — Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты, төрагасы;
02.06.2021 – 25.11.2024 — Кара-Дарыя айыл аймагынын башчысы;
25.11.2024 – 01.08.2025 — Кыз-Көл айыл аймагынын башчысы.