ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛАНДЫ
10.04.2026 16:50
5
Бүгүн, 10-апрель Манас шаарынын мэриясында “Жылдын мыкты мугалими – 2026” сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Иш-чарага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, ошондой эле мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.
Сынак 17 предмет боюнча өтүп, жалпы 86 мугалим катышкан. Алардын ичинен 51 мугалим 1-2-3-орундарды ээлеп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Биринчи орунду ээлеген 17 мугалим алдыда облустук этапта шаардын намысын коргойт.
Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты мугалими – 2026” сынагын өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом каражат бөлүнгөн.