ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЭМГЕККЕ ТАРТЫЛЫШЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ
29.04.2026 15:45
27
ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЭМГЕККЕ ТАРТЫЛЫШЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ
Манас шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү сектору, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан “Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү.
Рейд калаадагы “Береке” базарында жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө коомдук жайларда, соода-сатык түйүндөрүндө жана эт саткан дүкөндөрдө мектеп убагында сабакка барбай, эмгек менен алектенген 10дон ашык жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталды.
Аталган өспүрүмдөргө жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү адистер тарабынан алардын ата-энелерине айып пул салынды.
Рейддин негизги максаты — өспүрүмдөрдү оор эмгекке тартууга жол бербөө, алардын психологиялык жана физикалык жактан жабыр тартуусунун алдын алуу, ошондой эле ар кандай кырсыктардын болуусун эскертүү болуп саналат.