ЖАШТАР ФОРУМУ: МАНАС ШААРЫНДА ЖЕЛЕК КӨТӨРҮЛҮП, КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ

08.04.2026  16:40

16

ЖАШТАР ФОРУМУ: МАНАС ШААРЫНДА ЖЕЛЕК КӨТӨРҮЛҮП, КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ

Манас шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында желек көтөрүү жана көчөт отургузуу акциясы уюштурулду.

Иш-чара бүгүн шаардагы стеланын аймагында өтүп, ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” төрагасы Жакшылык Бекназаров жана активдүү жаштар катышты.

Саамалык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун салтанаттуу көтөрүү менен башталып, андан соң стеланын айланасына 80 түп көчөт отургузулду.

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов өз сөзүндө мындай демилгелер жаштарды биримдикке чакырып, айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти арттырарын белгиледи. Ошондой эле ал көчөт отургузуу акциясы шаардын көрктөнүшүнө жана экологиялык абалдын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экенин айтып, форумдун катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, 8–9-апрель күндөрү Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” аталышындагы масштабдуу жаштар форуму өтүп жатат.