ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ КЫЛМЫШТУУЛУКТАН САКТОО БАГЫТЫНДА ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

16.04.2026  15:35

10

ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ КЫЛМЫШТУУЛУКТАН САКТОО БАГЫТЫНДА ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ КЫЛМЫШТУУЛУКТАН САКТОО БАГЫТЫНДА ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

Манас шаарынын мэриясы жана шаардык прокуратура менен биргеликте «Кылмыш бир мүнөттө башталат — кесепети узакка созулат» урааны алдында иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаш өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп, ал Манас шаарындагы көркөм-сүрөт интернат мектебинде уюштурулду.

Жолугушууга Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдалетова, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бегимай Тойгонбаева жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга мыйзамдуулукту сактоо, жоопкерчилик жана коопсуз жүрүм-турум боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, пайдалуу кеңештер берилди.

Мындай иш-чаралар жаштар арасында укук бузуулардын алдын алууга жана коомдогу коопсуздукту чыңдоого багытталган.