ЖАШ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ

08.04.2026  12:35

6

ЖАШ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ

Бүгүн Манас шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында жаш мугалимдер арасында “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну уюштурулду.

Иш-чарага Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Манасбек Базылбеков, Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, “Евразия Кей Джи” коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” өкүлдөрү жана шаардагы 15 мектептин жаш мугалимдери катышты.

Интеллектуалдык таймаш жаш мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатууга, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар түрдүү кызыктуу суроолорго жооп берип, өз ара тажрыйба алмашууга да мүмкүнчүлүк алышты.