ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

01.04.2026  16:45

5

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жыйындын алдында Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жарандык коргонуу багыты боюнча облустук деңгээлде өткөн жыйынга онлайн форматта катышып, анда коюлган негизги тапшырмалар жана артыкчылыктуу багыттар менен таанышкан.

Андан соң калаа мэринин катышуусунда Жарандык коргонуу кызматы тарабынан жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө аталган коргонуу багытындагы даярдык пландары кеңири талкууланып, өзгөчө жаз мезгилинде жаралуучу табигый кырсыктардын алдын алуу маселелерине басым жасалды. Атап айтканда, сел-арыктарын өз убагында тазалоо, каналдардын жээктерин бекемдөө, кооптуу жана куураган дарактарды кесүү жана тазалоо боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга так тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам аракет көрүү, калкты алдын ала эскертүү жана коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча бир катар сунуштар айтылып, тиешелүү кызматтардын даярдык деңгээлин жогорулатуу милдети коюлду.