ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

11.04.2026  11:40

10

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 Манас шаарынын мэриясында шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун катышуусунда Жарандык коргонуу кызматы тарабынан жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылга карата жарандык коргонуу багытындагы даярдык пландары талкууланып, 12–13-февраль күндөрү өткөрүлө турган штабдык машыгууларды уюштуруу маселелери каралды.

Ошондой эле өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган учурда жана өзгөчө кырдаал катталган шартта жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам аракеттери, күч-каражаттарды тартуу тартиби жана кызматтар аралык координация маселелери боюнча маалымат берилди.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков штабдык машыгууларды жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ар бир жетекчиге жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгын эскертти.

 Иш-чаранын негизги максаты – өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, даярдык деңгээлин жогорулатуу жана тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү болуп саналат.