ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
03.01.2026 09:16
46
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Манас шаарында Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 2025-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата аткарылуучу иш-пландар каралган жыйын болуп өттү.
Жыйынга Манас шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Токтосунов, аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жарандык коргонуу кызматынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири баяндама жасалып, өткөн жылы катталган өзгөчө кырдаалдар талкууланды. Ошондой эле 2026-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо максатында бир катар иш-пландар мерчемделди.
Жыйындын жүрүшүндө шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов өрт коопсуздугу маселесине өзгөчө көңүл буруп, калк арасында алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, жарандар үчүн кооптуу деп эсептелген аймактарды кайрадан тактоо жана бул багытта тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле алдыда шаар аймагында сел коркунучунун алдын алуу, суу каналдарын тазалоо боюнча тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди.