ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
17.04.2026 09:40
11
Бүгүн Манас шаарынын “Азаттык” аянтында жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыгы текшерилди.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов жана Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов катышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеме-ишканалардын жарандык коргонуу багытындагы даярдыгы каралып, айрым кемчиликтер аныкталды. Айрыкча атайын формалардын жана техникалык жабдуулардын жетишсиздиги белгиленип, жооптуу кызматкерлерге бул кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.