ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ҮЧ КҮНДҮК БААЛОО БАШТАЛДЫ

22.04.2026  10:30

9

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ҮЧ КҮНДҮК БААЛОО БАШТАЛДЫ

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ҮЧ КҮНДҮК БААЛОО БАШТАЛДЫ

Манас шаарында 22–24-апрель күндөрү өтүүчү жарандык коргонуу багытындагы үч күндүк баалоо иш-чарасы старт алды.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мындан сырткары райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери жана комиссия мүчөлөрү онлайн форматта катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Искендер Сулайманов жарандык коргонуу системасынын даярдык деңгээли комиссия тарабынан бааланып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча кызматтардын иш алып баруу мүмкүнчүлүгү текшериле турганын белгиледи.

Баалоонун алкагында жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы, өз ара аракеттенүү механизмдери жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Белгилей кетсек, Манас шаарында жарандык коргонуу багытындагы даярдык иштери бекитилген иш мерчемге ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Бул иш-чаралар калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталган.