ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

12.03.2026  16:00

7

ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

12-март күнү Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Манас Тазалык” муниципалдык ишканасына облустук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 7,1 млн сомго сатылып алынган 4 даана кар тазалоочу трактордун ачкычтарын расмий түрдө тапшырышты.

Аталган техникалар кыш мезгилинде шаардагы тротуарларды, аянттарды жана жол жээктерин кардан тазалоо иштерин аткарууга багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейин “Манас Тазалык” мекемесинде мындай техникалар болбогондуктан, тротуарлардын карын жумушчулар кол күчү менен тазалап келишкен.