ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

13.05.2026  10:30

18

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

♦️Манас шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башчысы болуп Абзаитов Султанбек Чырмашович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.

Жаңы жетекчинин эмгек жамаатына бүгүн мэриянын аппарат жетекчиси Нурбек Караев тааныштырып, алдыдагы жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

________________________________

Абзаитов Султанбек Чырмашович - 1991-жылы Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында туулган.

📌Билими: жогорку, Ош технологиялык унивеситетинин экономист, бухгалтер адистигин аяктаган.

📌 Иш тажрыйбасы:

•2009–2013-жж. Кара-Гуз айыл чарба кооперативинде тракторист;

•2010-2013-жж. Кара-Кулжа райондук ДЭП №26 мекемесинде катардагы жумушчу;

•2014–2015-жж. Кеңеш айыл өкмөтүндө кагаз иштери боюнча адис;

•2015-ж. Кара-Кулжа райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын Кара-Кулжа айылы боюнча социалдык кызматкер;

•2016-2018-жж. Кара-Кулжа райондук өнүгүү башкармалыгынын архив адиси;

•2024-жылдан баштап. Кара-Гуз айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты жана азыркы учурга чейин төрагасы;

•2025-жылдан тарып, ушул күнгө чейин Ош шаарынын Ош зеленхоз ишканасына караштуу Токтогул паркынын директору.

📌Эскерте кетсек, буга чейин Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасын Исмаил Абдурасулов жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.