ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

13.04.2026  10:35

7

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Шерматов Кубанычбек Абдыжапарович - Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.

Шерматов Кубанычбек Абдыжапарович - 1990-жылдын 24-сентябрында Ош шаарында төрөлгөн.

Билими — жогорку:

• 2013-жылы Жалал-Абад укук, бизнес жана компьютердик технология институтунун Юриспруденция адистигин артыкчылык диплом менен аяктаган;

• 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча магистратураны артыкчылык диплом менен аяктаган.

Эмгек жолу:

•2014 - жж. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

•2014 - 2016 жж. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

•2016-ж. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Базар-Коргон райондук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

•2016 - 2021 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жетектөөчү адис – юристи;

•2021 –2022 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Мүлктү каттоо жана башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

•2022 - 2023 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адис – юристи;

•2023 - 2024 жж. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башкы адис – юристи;

•2024 –2026 жж. Манас шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы.

📌 Эскерте кетсек, Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары кызматын буга чейин Гулбарчын Таштанбекова аркалап келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.