ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

08.04.2026  16:54

6

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 Абдыкаров Алмаз Уланычбекович - Манас шаарындагы “Курманбек” стадионунун жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.

1990-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад облусунда туулган.

Билими:

• Жогорку, Экономика жана ишкердик университетинин менеджмент адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

• Январь 2014 – сентябрь 2014: «Халык Банк Кыргызстан» ААКсында кредиттик ассистент;

• Сентябрь 2014 – февраль 2017: кредиттик адис;

• Февраль 2017 – декабрь 2017: улук кредиттик адис;

• Декабрь 2017 – июнь 2019: башкы кредиттик адис;

• Февраль 2024 – октябрь 2024: Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин «Строй-Маркет» базарынын инспектору;

• Май 2025 – апрель 2026: Жалал-Абад шаарынын аэропортунда ПООА агенти.

🔹Эскерте кетсек, Манас шаарынын мэриясына караштуу “Курманбек” стадионун буга чейин Бекболот Маматжанов жетектеп келген. Ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.