ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
02.04.2026 10:35
7
Маданов Нурказы Камилович - Манас шаарынын мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
Маданов Нурказы Камилович 1993-жылдын 9-мартында Бишкек шаарында туулган.
Билими:
•2010–2014-жылдары — Москва автоунаа жол куруу мамлекеттик техникалык университетинин Автомобиль транспорту факультети (Транспорттук тейлөө жана технологиялык машиналар жана жабдуулар);
•2014–2017-жж. — Бишкек шаарындагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультети;
•2023–2027-жж. — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Автомобиль жолдору факультети (Автомобиль жолдору жана аэродромдор адистиги).
Эмгек жолу:
• 2017–2021-жж. — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттигинин транспорттук контролдоо башкармалыгынын инспектору, башкы инспектору;
• 2021-ж. — Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы;
• 2022-ж. — Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери;
• 2022–2023-жж. — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
• 2023–2024-жж. — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси;
• 2024–2025-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
• 2025-жылдын азыркы учуруна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы кызматын аркалап келген.
Эскерте кетсек, Манас шаарынын мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматын буга чейин Уларбек Исмаилов жетектеп келген. Ал Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.