ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
27.03.2026 10:00
7
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
Исаков Каныбек Исмаилович Манас шаарынын жол башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
_____________________________________
Исаков Каныбек Исмаилович - 1977-жылдын 30-июлунда Манас шаарында туулган.
Билими:
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетинин автомобиль жолдору жана аэродромдор адистиги
Эмгек жолу:
•1996-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМ(ГУИН) аскердик кызматы;
•2005-2006-жж. Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын кызматкери;
•2015-2017-жж. “Алока Дистрибьюн” ЖЧКнын башкы механиги;
•2018-2021-жж. Турак жай-коммуналдык чарбасынын башкы инженери;
•2021-жылы- “Назар Строй” ЖЧКнын директорунун орун басары;
•2021-2023-жж. Манас шаарынын мэриясынын шаардык жол башкармалыгы-курулуш бөлүмүнүн башчысы;
•2023-жылдан бери Манас шаарынын мэриясынын жол башкармалыгынын башкы инженери;
•2026-жылдын 26-мартынан тарта Манас шаарынын жол башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган жетекчилик кызматты Заттарбек Боронбаев аркалап келген. Ал өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.