ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

17.03.2026  10:45

15

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борборунун башчысы болуп Торобеков Каримбек Үсөнбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.

Бүгүн, 16-мартта мэриянын аппарат жетекчиси Нурбек Караев жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Торобеков Каримбек Үсөнбекович

1981-жылдын 13-декабрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында төрөлгөн.

Билими — жогорку.

2004-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин тарых жана география адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

05.03.2005-ж. – 30.08.2008-ж. — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы А. Жумабаев атындагы №44 орто мектебинде тарых мугалими.

01.07.2022-ж. – 16.04.2024-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Ишеним» фракциясынын катчылыгында улук консультант.

16.04.2024-ж. – 22.04.2025-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Борбордук аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүндө улук консультант.

📌 Эске салсак, Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борборун буга чейин Кабылбек Көчкөнбай уулу жетектеп келген. Ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.