ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК СЕЗОНГО КАРАТА ДАЯРДЫК: МАНАСТА ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ӨТТҮ
12.06.2026 10:00
2
Бугун республика аймагында күч түзүмдөрүнүн катышуусунда онлайн форматтагы гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун жетекчилиги астында уюштурулду.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынан түз эфир аркылуу 2026-жылдагы жайкы туристтик сезондун коопсуздугун камсыздоо боюнча күч түзүмдөрүнүн даярдыгы текшерилди. Туристтик мезгил учурунда коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүштү.
Аталган иш-чаранын алкагында Манас шаарында да гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Белгиленгендей, жайкы туристтик мезгилде укук коргоо органдары коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Онлайн форматта өткөн гарнизондук саптык кароо салтанаттуу жүрүш менен жыйынтыкталды.