УЛГАЙГАН ЖАРАНДАР ҮЧҮН СПОРТТУК БОРБОР АЧЫЛДЫ
22.04.2026 15:00
11
УЛГАЙГАН ЖАРАНДАР ҮЧҮН СПОРТТУК БОРБОР АЧЫЛДЫ
Бүгүн Манас шаарынын мэриясында улгайган жарандардын ден соолугун чыңдоого багытталган спорттук борбор ачылды.
Ачылыш аземине мэрдин орун басары Кубанычбек Шерматов, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, уюштуруучулар жана шаар тургундары катышты.
Долбоор “Аймира” коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып, шаар бийлиги тарабынан колдоого алынды. Тактап айтканда, борборду жайгаштыруу үчүн мэриянын имаратынан атайын кабинет бөлүнүп берилди.
Жаңы ачылган спорттук борбор улгайган жарандардын ден соолугун чыңдоого, активдүү жашоо образын калыптандырууга жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө багытталган. Борбордо жеңил фитнес машыгуулары, дене тарбия көнүгүүлөрү жана сергек жашоону жайылтууга багытталган программалар уюштурулат.