УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
15.05.2026 13:45
11
Бүгүн Манас шаарында укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана балдардын укугун коргоо багытындагы иштерди күчөтүү максатында Координациялык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Жыйын Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, билим берүү, социалдык коргоо жана ички иштер тармагынын кызматкерлери жана аймактык башкармалыктын башчылары катышты.
Анда балдардын укугун коргоо, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү жана билим берүү мекемелериндеги тарбиялык иштердин жүрүшү талкууланды.
Отурумдун жүрүшүндө тиешелүү кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулуп, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, кооптуу үй-бүлөлөр менен иш алып баруу, өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле тиешелүү мекемелерге биргелешкен иштерди күчөтүү жана алдын алуу чараларын мындан ары да системалуу жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.