ТУРГУНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ ЖЕРИНДЕ КАРАЛДЫ
23.04.2026 14:30
11
ТУРГУНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ ЖЕРИНДЕ КАРАЛДЫ
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Көк-Арт кичи районунун Исхак Раззаков көчөсүндө жашаган тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн жеринен укту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар турак жайларына тиешелүү укук берүүчү документтерди ала албай жатышканын, бул маселе көп жылдан бери чечилбей келе жатканын билдиришти. Алардын айтымында, жашаган аймак “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКтын өндүрүштүк зонасынын чегине кирип калгандыктан, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, каттоо жана курулушка уруксат алуу сыяктуу маселелерде олуттуу тоскоолдуктар жаралууда.
Тургундардын кайрылуусун уккан мэр маселени комплекстүү жана мыйзам чегинде чечүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал бул багытта жергиликтүү тургундардын арасынан 5 адамдан турган демилгелүү топ түзүүнү сунуштап, алар аркылуу маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте талкуулоо натыйжалуу болорун айтты.