Т.ТАЙГАРАЕВ АЙМАГЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛ
25.03.2026 15:35
6
Манас шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдалетова, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аймактагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү. Алардын ичинде бала бакча жетишсиздиги, ички көчөлөргө асфальт төшөө зарылдыгы, жол коопсуздугун камсыздоо, светофор орнотуу, таза суу жана коомдук коопсуздук, уурулуктун алдын алуу жана башка көйгөйлөр айтылды.
Шаар жетекчилиги ар бир көтөрүлгөн маселеге көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди жана аларды чечүүнүн үстүндө иш алып барылары айтылды. Ал эми 2026-жылга каралган бюджеттик долбоорлор өз мөөнөтүндө ишке ашырылат.