Төрөканов Сагынбек Мурзабекович Социалдык фонддун Манас шаардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

07.03.2026  12:00

17

Төрөканов Сагынбек Мурзабекович Социалдык фонддун Манас шаардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Төрөканов Сагынбек Мурзабекович Социалдык фонддун Манас шаардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Ал бул кызматка Социалдык фонддун Базар-Коргон райондук башкармалыгынын башчысы кызматынан которуу жолу менен келди.

📌 Төрөканов Сагынбек Мурзабекович

1972-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Карача айылында төрөлгөн.

📌 Билими:

Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетинин Финансы-экономикалык факультетин «финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган.

📌 Аскердик кызматы:

▪️1990–1991-жылдары Советтик армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн.

📌 Эмгек жолу:

▪️1996–2001-жж. – «Кыргызстан» акционердик камсыздандыруу компаниясында инспектор.

▪️2001–2003-жж. – Жеке ишкердик менен алектенген.

▪️2004–2018-жж. – Базар-Коргон райондук Социалдык фонд башкармалыгында ар кандай кызматтарда иштеген (жетектөөчү адис, бөлүм башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары).

▪️2018–2026-жж. – Базар-Коргон райондук Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы.

📌 Коомдук ишмердүүлүгү:

▪️Бешик-Жон айылдык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болуп шайланган.