ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАН ЖАРНАКТАР КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ
16.04.2026 15:35
9
ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАН ЖАРНАКТАР КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ
Манас шаарынын мэринин орун басары Кубаныч Шерматов жетектеген мэриянын мамлекеттик тил комиссиясы шаар аймагында мамлекеттик тил нормалары сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактар боюнча рейд өткөрдү.
Рейд Спутник аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп, тил талаптарына жооп бербеген дүкөндөргө, мейманканаларга, чачтарачтарга жана кафе-барларга аталыштарын мамлекеттик тилдин эрежелерине ылайык оңдоо боюнча эскертүүлөр берилди. Ал эми буга чейин эскертүү алып, талаптарды аткарбаган ишкерлерге айыппул салынды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциялык Мыйзамына ылайык, маалыматтар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы зарыл.