“ТАЗАЛЫК” ИШКАНАСЫНА 520 ДААНА КОНТЕЙНЕР ЖАНА УРНАЛАР БЕРИЛДИ
12.04.2026 10:35
3
“ТАЗАЛЫК” ИШКАНАСЫНА 520 ДААНА КОНТЕЙНЕР ЖАНА УРНАЛАР БЕРИЛДИ
Манас шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына жалпы суммасы 13 миллион 300 миң сомду түзгөн 520 даана таштанды чогултуучу контейнерлер жана урналар алынды.
Бул каражат Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, анын 20 пайызы жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумчаланды.
Контейнерлерди жана урналарды тапшыруу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов катышты. Алар “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгеги ар дайым жогору бааланарын белгилеп, шаарды таза жана көрктүү кармоодогу алардын салымы өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилешти.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №165 тескемесин аткаруунун алкагында, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында ишке ашырылды. Долбоордун алкагында жергиликтүү өндүрүүчү — “Маткасымов” ЖЧКсы тарабынан даярдалган таштанды контейнерлери жана урналар сатып алынды.