“Тагдыр сыноосу” аттуу спектакль көрсөтүлдү
04.12.2025 09:31
3
“Тагдыр сыноосу” аттуу спектакль көрсөтүлдү
3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрында “Тагдыр сыноосу” аттуу спектакли көрсөтүлдү.
Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук турмушка активдүү аралашуусу үчүн шарт түзүү жана аларга колдоо көрсөтүү – мамлекеттин жана коомдун жалпы милдети экенин баса белгиледи.
Маданий иш-чарага 400гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, алар үчүн атайын даярдалган концерттик программа, мотивациялык көрүнүштөр жана социалдык мазмундагы сахналык номерлер тартууланды.
Спектакль жана уюштурулган программа конокторго дем берүү, руханий колдоо көрсөтүү жана инклюзивдүү коомду калыптандыруу багытында маанилүү кадам катары бааланды.