СУУ АРЫКТАРЫН КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
29.05.2026 12:25
3
СУУ АРЫКТАРЫН КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
29.05.2026-жыл.
Манас шаарынын мэринин орун басары Нурказы Маданов калаадагы сел түшүү коркунучу жогору болгон аймактардагы суу каналдарын жеринен текшерди.
Текшерүү Дача жана Курортный көчөлөрүндө уланып, андагы сел каналдарын, жол четиндеги арык куурларынын жээгин бекемдөө, трубаларын жаңылоо жана кеңейтүү сыяктуу тапшырмалар тиешелүү мекемелерге жүктөлдү.
Мындан тышкары, сел каналдарын тазалоо жана кооптуу аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү боюнча да тиешелүү кызматтарга милдеттер белгиленди.