СПУТНИК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
16.03.2026 16:35
16
Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаардык кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Спутник аймактык башкармалыгына караштуу Жеңижок жана Манас көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жеринде жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөрүштү. Алар балдар үчүн оюн аянтчасын куруу зарылдыгын, ички жолдорго асфальт төшөө маселесин, арык-каналдарды оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрдү билдиришти.
Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов тургундардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле ал өз сөзүндө шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүү шаар бийлигинин негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, ар бир көтөрүлгөн маселе этап-этабы менен каралып, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечүүгө аракеттер көрүлөрүн айтты.