СПУТНИК АЙМАГЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
26.03.2026 18:00
12
Бүгүн, 26-март күнү Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликовдун эл менен кезектеги жолугушуусу Спутник аймактык башкармалыгында уланды.
Жыйынга мэр Абдупата Маткаликов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бекболот Насирдинов, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү. Алардын катарында тротуар куруу, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, кондоминиум төрайымдарынын эмгек акысы, жол коопсуздугу, таштанды урналарын көбөйтүү, ички көчөлөргө утурумдук оңдоо жүргүзүү сыяктуу маселелер талкууланды.
Шаар жетекчилиги ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди, ал эми аларды чечүү багытында көзөмөл жүргүзүлөрүн белгиледи.