СПОРТ ТАРМАГЫНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

03.03.2026  16:00

9

СПОРТ ТАРМАГЫНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев баштаган машыктыруучулар менен жолугушуп, тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулады.Жолугушуунун жүрүшүндө машыктыруучулар соңку жылдары спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилөө менен бирге, айрым спорт мектептеринде материалдык-техникалык базаны чыңдоо, спорттук инвентарларды жаңылоо, машыгуу залдарынын абалын жакшыртуу, ошондой эле жаш спортчулардын мелдештерге катышуусуна каржылык колдоо көрсөтүү зарылдыгын билдиришти.

 Өз сөзүндө Дамирбек Давлянов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыктарына ылайык, өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүү жана спортчуларды ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал жергиликтүү деңгээлде да бул багытта иштер системалуу түрдө жүргүзүлөрүн айтып, көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтар менен биргеликте каралып, мүмкүнчүлүккө жараша чечүү жолдору иштелип чыгарын билдирди.

 Жолугушуунун жыйынтыгында спорт тармагын мындан ары өнүктүрүү, жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө жана өлкө намысын коргоп жүргөн спортчуларды колдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.