СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАМААТЫ СЕЛДЕН ЖАБЫР ТАРТКАН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДИ ТАЗАЛООГО КАТЫШТЫ

28.05.2026  10:25

3

СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАМААТЫ СЕЛДЕН ЖАБЫР ТАРТКАН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДИ ТАЗАЛООГО КАТЫШТЫ

СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАМААТЫ СЕЛДЕН ЖАБЫР ТАРТКАН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДИ ТАЗАЛООГО КАТЫШТЫ

Манас шаарында жайгашкан спорт мектептеринин машыктыруучулары жана кызматкерлери, ошондой эле “Газпром” ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин жамааты селден жабыр тарткан медициналык колледждин айланасын тазалоо иштерине чыгышты.

Тазалоо иштерине жалпысынан 60ка жакын адам катышып, селден кийин топтолгон ылай, таштанды жана калдыктар чыгарылды. Мындан тышкары, шаардык спорт бөлүмү тарабынан атайын техникалар жалданып келип, аймакты тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, Манас шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен калаанын айрым аймактарын сел каптап, бир катар социалдык объектилер жабыркаган. Алардын арасында медициналык колледждин аймагы дагы болгон.