СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН ООГАН ЖЕРГЕСИНЕН ЧЫГАРЫЛГАНДЫГЫНЫН 37 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
13.02.2026 17:00
5
Бүгүн, 13-февралда Манас шаарынын мэриясында советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөналы Мамасалиев, Ооган согушунун ардагерлери жана каза болгон жоокерлердин жакындары катышты.
Анда сөз сүйлөгөн шаар мэри Эрнисбек Ормоков Ооган согушунда аскердик антына бек туруп, өз милдетин так аткарган жоокерлердин эрдиги тарых барактарында түбөлүк сакталарын белгиледи. Ошондой эле ардагерлердин каармандыгы жаш муундар үчүн мекенчилдиктин үлгүсү экенин кошумчалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар ардагерлерге сыйлыктар тапшырылып, маркумдарга арналып куран окулду.
Эскерте кетсек, Ооган согушуна жалпысынан 620 миң советтик аскер катышкан. Алардын ичинен 138 жоокер Манас шаарынан чакырылган. Учурда калаада 117 Ооган согушунун ардагери бар.