СОЦИАЛДЫК БОРБОРЛОРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ КАРАЛДЫ

24.04.2026  15:40

16

СОЦИАЛДЫК БОРБОРЛОРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ КАРАЛДЫ

Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов шаар мэриясына караштуу кайрымдуулук борборунун жана “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кайрымдуулук борборунда муктаж жарандарга акысыз ысык тамак берилип жатканы текшерилип, кызматкерлерге көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” борборунда реабилитациядан өтүп жаткан балдардын абалы менен таанышып, алардын муктаждыктарын камсыздоо багытында кошумча колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.