ШВЕЙЦАРИЯ КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЭЛЧИСИ МАНАС ШААРЫНА ИШ САПАР МЕНЕН КЕЛДИ

12.06.2026  12:12

5

ШВЕЙЦАРИЯ КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЭЛЧИСИ МАНАС ШААРЫНА ИШ САПАР МЕНЕН КЕЛДИ

ШВЕЙЦАРИЯ КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЭЛЧИСИ МАНАС ШААРЫНА ИШ САПАР МЕНЕН КЕЛДИ

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерлини кабыл алды.

Маалыматка ылайык, Швейцария тараптын иш сапары Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын жана 2026–2029-жылдарга карата Кыргызстан–Швейцария кызматташтык программасынын алкагында келечектеги кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатын көздөйт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Манас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгү, калкты таза суу менен камсыздоо, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Шаар мэри Абдупата Маткаликов өз сөзүндө Манас шаары эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ар дайым ачык экендигин белгилеп, шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу, калкты таза суу менен камсыздоо, экологиялык туруктуулукту сактоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багыттарында кызматташуу өз ара пайдалуу болоорун белгиледи.

Мындан сырткары, жолугушууда Швейцария тарабынан буга чейин ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары, алардын аймактардын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечекте биргелешип ишке ашырылуучу долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Элчи Сироко Мессерли жолугушуу учурунда социалдык-экономикалык абал, калктын муктаждыктары жана өнүгүү багыттары боюнча маалымат алды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана Манас шаарынын өнүгүүсүнө багытталган келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.