Швейцария элчиси Манас шаарындагы саркынды сууларды тазалоо жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты
10.06.2026 10:58
6
Швейцария элчиси Манас шаарындагы саркынды сууларды тазалоо жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли иш сапарынын алкагында Манас шаарынын Суу канал башкармалыгына караштуу саркынды сууларды тазалоочу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тазалоочу жайдын учурдагы абалы, аткарылып жаткан иштер жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо багытындагы аракеттер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле буга чейин Швейцария тарабынан колдоого алынган долбоорлордун жыйынтыктары, алардын шаар инфраструктурасын жакшыртууга жана аймактын өнүгүүсүнө кошкон салымы талкууланды.
Белгилей кетсек, Швейцариянын элчилиги 2013-жылдан бери саркынды сууларды тазалоо тармагында тыгыз кызматташып, бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет. Анын алкагында заманбап жабдуулар жаңыланып, айлана-чөйрөнү коргоо жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Иш сапардын алкагында тараптар келечектеги кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү, жаңы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана суу тазалоо тармагындагы натыйжалуу тажрыйбаларды колдонуу боюнча пикир алышты.