ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИ ДОСТУК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ТУРГУНДАРДЫН ҮНҮН УКТУ

14.05.2026  17:00

10

ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИ ДОСТУК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ТУРГУНДАРДЫН ҮНҮН УКТУ

ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИ ДОСТУК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ТУРГУНДАРДЫН ҮНҮН УКТУ

Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов Достук аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин укту. Жолугушууга Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдалетова, шаардык ички иштер бөлүмү, ошондой эле калаадагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар аймактагы бир катар орчундуу маселелерди көтөрүштү. Алардын катарында канализация тутумун жаңылоо, ички көчөлөрдү асфальттоо, жөө адамдар үчүн тротуар куруу, айрым кооптуу тилкелерге светофор орнотуу, көчө жарыктарын жакшыртуу, айрым парктардагы тазалык маселеси, мектеп айланасында сатылып жаткан зыяндуу азыктар, бала бакчага төлөм жеңилдиктери жана коомдук инфраструктураны өнүктүрүү маселелери айтылды.

Тургундардын ар бир кайрылуусу угулуп, тиешелүү тармак жетекчилерине маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди. Айтылган айрым көйгөйлөр жеринде каралып, чечилмей болду.