ШААР МЭРИ ТӨШ-КУТЧУ АЙЫЛЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР МЕНЕН ЖЕРИНЕН ТААНЫШТЫ
18.04.2026 12:00
6
ШААР МЭРИ ТӨШ-КУТЧУ АЙЫЛЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР МЕНЕН ЖЕРИНЕН ТААНЫШТЫ
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте М.Конгантиев аймактык башкармалыгына караштуу Төш-Кутчу айылындагы бир катар көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышты.
Иш сапардын алкагында биринчи кезекте суу менен камсыздоо тармагындагы абал каралды. Тактап айтканда, суу чыгаруучу скважинанын учурдагы абалы текшерилип, анын авариялык абалын жоюу, калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Ошондой эле мэр автоунаа жолун куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, мурдагы темир жолдун ордунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.
Мындан тышкары, №11 А.Колешова атындагы орто мектептин имаратынын абалы да жеринде каралды.