ШААР МЭРИ АБДУПАТА МАТКАЛИКОВ М.КОНГАНТИЕВ АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
17.04.2026 17:00
4
ШААР МЭРИ АБДУПАТА МАТКАЛИКОВ М.КОНГАНТИЕВ АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов М.Конгантиев аймактык башкармалыгында жергиликтүү тургундар менен кеңири форматта жолугушуу өткөрдү. Аталган иш-чара жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, тиешелүү чечимдерди ыкчам кабыл алуу максатын көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тургундар тарабынан бир катар маанилүү социалдык жана инфраструктуралык маселелер козголду. Алардын ичинде ички жолдордун начар абалы, тротуарлардын жетишсиздиги, жол кыймылын жөнгө салуу үчүн светофорлорду орнотуу, жаңы билим берүү мекемелерин куруу маселеси өзгөчө белгиленди. Мындан сырткары, үлүш жерлерге байланыштуу талаш-тартыштар, мыйзамсыз курулуштарды (снос) жөнгө салуу, ошондой эле суу түтүктөрүн жаңылоо зарылдыгы, ошондой эле коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүп берүү боюнча көйгөйлөр айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелер протоколго киргизилип, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине так тапшырмалар берилди. Ошондой эле 2026-жылга каралган бюджеттик долбоорлордун алкагында аймактагы бир катар көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүү пландалып жатканы маалымдалды.