ШААР БИЙЛИГИ ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ
23.04.2026 17:30
6
Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов жана социалдык маселелер боюнча орун басары Кубанычбек Шерматов Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алып, алардын кайрылууларын укту.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар шаардагы мамлекеттик мекемелердин имараттары жеткиликтүүлүк талаптарына жооп бербей жатканын, пандустардын жоктугун же талапка ылайык курулбаганын белгилешти. Ошондой эле санаторий-курорттук дарыланууга мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү экендиги, реабилитациялык борборлорго болгон муктаждык, жолдордо жана коомдук транспортто түзүлгөн ыңгайсыз шарттар тууралуу маселелер көтөрүлдү.
Шаар бийлигинин өкүлдөрү айтылган көйгөйлөрдү тиешелүү мекемелер менен биргеликте карап чыгып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдиришти.
Белгилей кетсек, Манас шаарында 6 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран каттоодо турат.