САЛАМАТТЫК САКТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
23.04.2026 14:00
10
САЛАМАТТЫК САКТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Кубанычбек Шерматов шаар аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эне жана баланын ден соолугуна кам көрүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу, кош бойлуу аялдарды өз убагында каттоого алуу жана аларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле дарыгерлер керектүү медициналык жабдууларга жана каражаттарга муктаждык бар экенин белгилешип, бейтаптарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө тоскоол болуп жаткан айрым көйгөйлөрдү ортого салышты.
Жолугушууда мэрдин орун басары көтөрүлгөн маселелерди чечүү, медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана калктын ден соолугун коргоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.