ПРОФЕССОР Э.УМЕТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

24.04.2026  14:35

20

ПРОФЕССОР Э.УМЕТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

ПРОФЕССОР Э.УМЕТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Манас шаарында көрүнүктүү педагог, профессор Эгемберди Уметовдун 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чара Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде уюштурулуп, ага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстандан келген окумуштуулар катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Эгемберди Уметовдун педагогика илимине кошкон зор салымы өзгөчө белгиленип, анын эмгек жолу жана илимий мурасы жогору бааланды. Ошондой эле иш-чаранын алкагында жогорку билим берүүнүн актуалдуу маселелери, санариптештирүү жана инновациялык ыкмалар боюнча баяндамалар жасалды.

Мэр Абдупата Маткаликов өз сөзүндө профессор Эгемберди Уметовдун билим берүү тармагындагы эмгеги жаш муундар үчүн үлгү экенин белгилеп, анын илимий мурасы бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой турганын айтты. Ошондой эле ал мындай илимий жыйындар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, билим берүү багытында секциялык жыйындар жана конок лекциялар уюштурулуп, тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.