"ӨЗҮҢДҮН АИВ СТАТУСУҢДУ БИЛ!" АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
02.12.2025 09:48
3
Бүгүн, 1-декабрь күнү, Манас шаарында Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата “Өзүңдүн АИВ статусуңду бил” аталышындагы маалыматтык акция уюштурулду.
Акция “Мир” кинотеатрынын алдындагы аянтта уюштурулуп, Манас шаарынын мэриясы, Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору, “Улуттук Кызыл Ай” коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлдү.
Анда калк арасында ВИЧ/СПИД илдети боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, ден-соолугуна кам көрүү жана өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүү зарылдыгы тууралуу маалыматтар айтылды.
Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, уюштуруучулар, дарыгерлер жана студенттер катышып, АИВ инфекциясын эрте аныктоонун мааниси боюнча түшүндүрүлдү.
Гүлбарчын Таштанбекова мындай иш-чаралар калктын саламаттыгын сактоодо маанилүү кадам экендигин белгилеп, жарандарды, өзгөчө жаштарды ден соолугуна өзгөчө кам көрүүгө чакырды.