ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
27.12.2025 09:19
62
ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 25-декабрда Манас шаарындагы Психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, балдарды жана мекеменин эмгек жамаатын жаңы жыл майрамы менен куттукташты.
Майрамдын алкагында балдарга белектер тапшырылды. Ошондой эле мекемеде тарбияланган балдар тарабынан оюн-зоок, ыр-бий программалары тартууланды.
Белгилей кетсек, аталган жайда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөн ашык бала тарбияланат.